Кыргызстанда триатлон боюнча Азия Кубогу өтөт
12–13-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында триатлон боюнча 2026 VISA Asia Triathlon Cup Cholpon-Ata эл аралык мелдеши өтөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Каприз” эс алуу борборунун аймагында уюштурулат. Азия Кубогуна 17 өлкөдөн келген 100дөн ашуун спортсмендер катышып, триатлондун үч багыты — сүзүү, веложарыш жана чуркоо боюнча күч сынашат.
Кыргызстандын намысын эл аралык мелдеште төмөнкү спортсмендер коргойт:
- Абдрахимов Темирлан
- Саламатов Адамхан
- Майрамбеков Данай
- Кокина Татьяна
- Блиндул Ангелина
- Крамаренко Анна