ЖКтин депутаттары балага кош фамилия ыйгарууга уруксат берүүнү сунушташты

ЖКтин депутаттары балага кош фамилия ыйгарууга уруксат берүүнү сунушташты

Жогорку Кеңештин депутаттары ата-энелердин макулдашуусу боюнча балага ата-энесинин фамилияларын дефис аркылуу каалаган тартипте бириктирүүдөн түзүлгөн кош фамилия ыйгарууга уруксат берүүнү сунушташты.

Тиешелүү өзгөртүүлөрдү «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун депутаттар Ырысбек Атажанов, Болотбек Борбиев, Дастан Бекешев жана Сеидбек Атамбаев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарышты.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде белгиленгендей, анын максаты — ар башка фамилиядагы ата-энелерге өз ара макулдашуу аркылуу баланын фамилиясында ата-энесинин эки фамилиясын тең сактап калуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат.

Мындан тышкары, мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгү менен ошол эле берененин башка ченемдеринин, ошондой эле КРнын Үй-бүлө кодексинин нормаларынын ортосундагы карама-каршылыкты жоюу жана Кыргызстанда өзүнүн ат коюу салттарына ээ болгон ар түрдүү этностук топтордун өкүлдөрү жашарын эске алуу менен үй-бүлөлүк улантуучулукту сактоого укуктук шарттарды түзүү максатталган.

Ошол эле учурда мыйзам долбоорунда кийинки муундарда фамилияларды ашыкча татаалдаштырууга жол бербөө максатында балага үч фамилия ыйгарууга жол берилбей турганы белгиленген.

Демилгечилер мыйзам долбоору кабыл алынган учурда мурда берилген документтерди кайра тариздөөгө зарылчылык жаралбай турганын белгилешти. Ошондой эле өзгөртүүлөр туулгандыгы мамлекеттик каттоодон мурда эле өткөн адамдарга жайылтылбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media