Медициналык ишмердүүлүктү лицензиялоо санариптик форматка өткөрүлдү

Медициналык ишмердүүлүктү лицензиялоо санариптик форматка өткөрүлдү

Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү боюнча реформа аяктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, реформанын алкагында мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланган “Саламаттык сактоо тармагында лицензиялоо” маалыматтык системасы иштелип чыгып, өнөр жайлык эксплуатацияга киргизилди.

Эми өлкөнүн каалаган аймагындагы ишкерлер Саламаттык сактоо министрлигине жеке кайрылбастан, лицензия алуу үчүн онлайн режимде арыз бере алышат, керектүү документтерди тапшырып, мамлекеттик кызмат үчүн төлөм жүргүзүп, арызды кароо процессинин жүрүшүн көзөмөлдөй алышат.

Реформанын негизги натыйжаларынын бири — лицензия берүү мөөнөтүнүн 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскартылышы болду.

Жыл сайын медициналык ишмердүүлүк багытында болжол менен 450 лицензия жана аларга тиркемелер, ал эми фармацевтикалык ишмердүүлүк тармагында 900гө жакын лицензия берилет.

Кызмат көрсөтүүнү санариптик форматка өткөрүү кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү жана ишкерлерге түшкөн административдик жүктү азайтууга, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарындагы ишкердик субъекттери үчүн лицензия алууну кыйла жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media