Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилери, төрагалары, профессорлор жана коомдук ишмерлер мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.

Маалымдалгандай, "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы 5 кишиге, III даражадагы "Манас" ордени 7 кишиге, "Эрдик" ордени 2 кишиге, “Даңк” ордени 6 кишиге, "Достук" ордени 1 кишиге, "КРнын эл мугалими" ардак наамы 1 кишиге, "КРнын эл врачы" ардак наамы 2 кишиге, "КРнын эл артисти" ардак наамы 5 кишиге, "КРнын эл жазуучусу" ардак наамы 1 кишиге, "КРнын эл акыны" ардак наамы 1 кишиге, "КРнын эл сүрөтчүсү" ардак наамы 1 кишиге, "КРнын жаратманы" ардак наамы 2 кишиге, "КРнын сыймыгы" ардак наамы 2 кишиге, "Ардак" медалы 30 кишиге ыйгарылды.

Жогоруда аталган сыйлыктардын кээ бирлери каза болгон чыгармачыл адамдарга: Рысбай Абдыкадыровго (Эмгек Баатыры) жана Гапар Айтиевге (КРнын эл сүрөтчүсү) ыйгарылды.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media