Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

Мүрзөгө өз алдынча көмүүгө жана уруксатсыз эксгумация жасоого карата жаза киргизүү сунушталууда

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталып, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Мындай сунуш Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан киргизилүүдө.

Долбоорго ылайык, маркумдун сөөгүн мыйзамда белгиленген тартипте көмүү үчүн жер тилкеси берилбестен, көрүстөнгө же мүрзөнүн жанына өз алдынча көмүү, ошондой эле жабык көрүстөнгө көмүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда.

Мындан тышкары, тиешелүү уруксатсыз маркумдун сөөгүн өз алдынча эксгумациялоо жана кайра көмүү да жоопкерчиликке тартылуучу аракеттердин катарына киргизилмекчи.

Мындай аракеттер үчүн 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул, 80ден 200 саатка чейин коомдук иштер же үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталууда. Ошондой эле 164-беренедеги маркумдун сөөгүн мазактоо, көрүстөндү же мүрзөдөгү эстеликти жок кылуу, бузуу же мазактоо, мүрзөдөгү буюмдарды уурдоо боюнча жоопкерчилик да такталган редакцияда каралууда. Мындай аракеттер үчүн 200дөн 500гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул, эркиндигин чектөө же коомдук иштерге тартуу сунушталууда.
Долбоордун авторлору мындай тартипти киргизүү маркумдарды көмүү эрежелерин сактоого, көрүстөндөрдүн аймактарын коргоого, сөөк коюлган жайларды мамлекеттик эсепке алууну камсыз кылууга жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого багытталганын белгилешүүдө.

Мындан тышкары, негиздемеде өз алдынча көмүү маркумдун ким экендигин, каза болгон күнүн жана жерин так аныктоону кыйындатары, айрым учурларда өлүмдүн себептерин аныктоого жана кылмыштарды тергөөгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн экени белгиленген.

Мыйзам долбоору 2026-жылдын 13- октябрына чейин коомдук талкууда болот.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media