Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата төрт социалдык объект ачылды

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата төрт социалдык объект ачылды

11-сентябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата төрт социалдык объекттин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ачылган объектилердин бири - Шабдан Баатыр көчөсү, 740 дарегинде жайгашкан жаңы Жаш техниктер станциясы. Жалпы аянты 2 563 чарчы метр болгон беш кабаттуу имаратта окуу кабинеттеринен тышкары китепкана, музей, астрономиялык обсерватория, конференц-зал, актовый, бий жана спорт залдары жайгашкан. Ошондой эле автомодель спорту жана картинг үчүн аянтчалар, воркаут-зонасы жана практикалык сабактар үчүн жайлар уюштурулган.

Мындан тышкары, "Биримдик-Кут" жаңы конушунда 280 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Эки кабаттуу имарат 12 топко ылайыкталып, анда оюн жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык жана спорт залдары, медициналык кабинет, ашкана жана башка зарыл бөлмөлөр каралган. Аймакта тогуз оюн аянтчасы жабдылган.

Жибек Жолу проспектиси, 281 дарегиндеги №23 орто мектептин жаңы имараты да ачылды. 700 окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу имаратта окуу жана компьютердик класстар, лабораториялар, китепкана, медициналык блок, ашкана, актовый жана спорт залдары, ийримдер үчүн бөлмөлөр бар. Мектептин аймагында спорттук аянтчалар жана воркаут-зонасы уюштурулган.

Ал эми 5-кичи райондо №3 орто мектептин 500 окуучуга ылайыкталган кошумча окуу корпусунун курулушу аяктады. Имаратта окуу класстары, спорт жана актовый залдар, ашкана, медициналык кабинет, мугалимдер бөлмөсү, музыка жана ыр сабактары үчүн кабинеттер жайгашкан. Мектептин аймагында кичи-футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары, воркаут-зонасы жана 100 метрлик чуркоо жолу курулган.

Төрт объекттин тең курулушуна Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тапшырыкчы болгон. Жаңы объектилер борбор калаанын билим берүү жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө, балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media