Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган.

Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган "Нарын күндөлүгү" жана Т. Ибрагимовдун 2025-жылкы "Альгимантас Видугирис — кинорежиссёрдун аялынын сырын ачуусу" аттуу даректүү тасмалары көрсөтүлдү.

Ачылыш аземинин режиссеру - Дастан Мадалбеков сүрөтчү Минзу менен биргеликте жамалып тигилген төшөнчүлөрдүн курагынан шыктанып, балалык эскерүүлөрдү ойготкон атмосфераны түздү. Бул фестивалдын концепциясына дал келет, анткени көптөгөн сынактык тасмалар балалык темасына байланышат.



"Биз бул саякат босогодон эле башталышын каалайбыз. Классиктер балалыкка кайрылышат, ал эми Видугиристин тасмаларынан алынган кадрлар - жеке эскерүүлөрдү жана сезимдерди тартуулайт. Акыр аягында, биз адамды азыркы учурга - ADAM IZI долбоору аркылуу чоңураак, биргелешкен коомдун бир бөлүгүнө алып келебиз. Бул эл аралык арт-долбоор - 100 000 адам менен бирге дүйнөдөгү эң чоң сүрөттү жаратуу боюнча долбоор болуп саналат" - деп билдирди, фестивалдын дизайнери, жасалгалоочу Минзу.


“Биз кыргыздарга курак – деп белгилүү болгон кездеменин бөлүктөрүн бириктирүү ыкмасы менен шыктандык. Тасмадагы сүрөттөр сыяктуу кездеменин ар кандай бөлүктөрүн бир бүтүн нерсеге бириктирүүгө болот, бул биздин концепциябыздын өзөгүн түздү. Ар бир конок кездемеге өзүнүн изин калтыра алат, бул фестивалдын катышуучуларынын биримдигинин символуна айланат”, - деп белгиледи Дастан Мадалбеков.

Быйылкы фестивалдын сынактык программасына Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Беларусь, Азербайжан, Грузия жана Латвиядан келген 8 толук метраждуу жана 16 кыска метраждуу даректүү тасма киргизилген. Көрсөтүүлөр "Ала-Тоо" кинотеатрында өтүп, тасмалардан кийин көрүүчүлөр алардын авторлоруна суроо бере алышат.

Фестивалдын программасында тасмалардан тышкары чебер-класстар, маалыматтык сессиялар, питчинг, шоукейс жана кесиптик талкуулар да каралган. Иш-чаралардын негизги бөлүгү Ololo Erkindik аянтчасында өтөт.

11-сентябрда француз кинопродюсери, LuFilms компаниясынын негиздөөчүсү Лоранс Юберсфельд даректүү тасма долбоорунун эл аралык потенциалын аныктоо жана аны ишке ашыруу боюнча чебер-класс өткөрөт.

13-сентябрда эл аралык кино индустриясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалыматтык сессия өтөт. Анда DocsBarcelona, Nipkow программасы, Бишкектеги даректүү тасмалар лабораториясы, «Кыргызфильм», TRT World жана Cannes Docs сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү тажрыйбасы менен бөлүшөт. Ошол эле күнү даректүү тасмаларды эл аралык аудиторияга сатуу жана жайылтуу боюнча өзүнчө сессия жана панелдик талкуу уюштурулат.

14-сентябрда режиссёр жана даректүү тасмачы Канат Бейсекеев татаал окуяларды жөнөкөй жана түшүнүктүү баяндоо боюнча чебер-класс өткөрөт. Мындан тышкары, NYFA Kazakhstan окуу жайынын маалыматтык сессиясы өтөт.

Фестивалдын негизги максаттарынын бири — Борбор Азиядагы даректүү тасма режиссёрлоруна эл аралык рынокко чыгууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Ошондой эле жергиликтүү авторлорду дүйнөлүк кино индустриясынын өкүлдөрү менен байланыштырууга жана даректүү кинону өнүктүрүүгө багытталган.

II UmutDoc фестивалы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин каржылык колдоосу менен өтүүдө. Фестивалга Т. Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы, "Кудук" маданий борбору, Креативдик индустриялар паркы жана BishDocLab да колдоо көрсөтүүдө.

Маалыматтык өнөктөштөрдүн катарында - Jas Oner журналы, PRO Production (PRP.KZ) интернет-порталы (PRP.KZ), TAGS коммуникация бюросу жана кыргыз киносу жөнүндө медиа SYNCHY бар.

UmutDocтун негизги максаттарынын бири - Борбор Азиянын даректүү тасмаларынын режиссерлоруна дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат. Фестивалдын бардык иш-чараларына кирүү акысыз.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты. ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-

Ишкер Media
Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media