Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү чет өлкөлүк жарандарга сатууда жер тилкесин тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Улугбек Ормонов иштеп чыгышкан. Документ коомдук талкууга чыгарылды.

 Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк жаранга имарат, үй же башка кыймылсыз мүлк сатылган учурда, анын алдындагы жер тилкеси сатуучу тарабынан акысыз өткөрүлүп берилиши керек.

 Маалыматка караганда, эгер жер калктуу конуштун аймагында жайгашса, ал муниципалдык менчикке, ал эми калктуу конуштан тышкары болсо мамлекеттик менчикке өткөрүлөт. Мүлктү өткөрүп берүү жана жерди каттоо бир эле учурда, өз ара байланышкан бирдиктүү каттоо операциясы катары жүргүзүлөт.

Чет өлкөлүк сатып алуучу жерди менчикке албайт, аны убактылуу пайдалануу укугуна ээ болот. Алгачкы мөөнөт 20 жылды түзөт. Белгиленген талаптар сакталган учурда мөөнөт дагы 20 жылга, андан кийин акыркы жолу 10 жылга узартылышы мүмкүн. Мындан ары узартууга жол берилбейт.

Эгер кыймылсыз мүлк кийин башка чет өлкөлүк жаранга сатылса, жерди пайдалануу мөөнөтү кайрадан эсептелбейт. Жаңы ээси калган мөөнөт ичинде гана жерди пайдаланат.

 Ал эми көп кабаттуу үйдөгү батир же турак эмес жай чет өлкөлүк жаранга сатылган учурда, мамлекетке же муниципалдык менчикке ошол батирге же жайга тиешелүү жер үлүшү гана өткөрүлөт. Үйдөгү башка менчик ээлеринин жалпы жердеги үлүштөрү өзгөртүлбөйт.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, азыркы колдонуудагы мыйзамдарда имарат чет өлкөлүк жаранга сатылгандан кийин анын алдындагы жер кимге таандык болору жана ага байланышкан укуктар кандай тартипте таризделери жетиштүү деңгээлде так көрсөтүлгөн эмес.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media