Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Кыргызстанда дан эгиндеринин 75,6 пайызы жыйналды

Үстүбүздөгү жылы республика боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору болуп, түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 467,5 миң гектар дан эгиндери жыйналып, бул жалпы пландын 75,6 пайызын түздү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнер болуп, былтыркыга салыштырмалуу 2,8 центнерге жогорулады. Жалпы дүң түшүм 1 млн 376,6 миң тоннага жетти.

Анын ичинде 237,7 миң гектардан 761,3 миң тонна буудай, ал эми 212,6 миң гектардан 574,5 миң тонна арпа жыйналды.

Жашылча-жемиш жана картошка жыйноо иштери да уланууда. 30,7 миң гектардан 444,1 миң тонна жашылча, 22,8 миң гектардан 276,5 миң тонна картошка жыйналды. Картошканын түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу гектарына 10 центнерге жогорулап, 162 центнерди түздү.

Облустар арасында дан эгиндерин жыйноо боюнча Чүй облусу алдыда. Бул аймакта 223,1 миң гектардан 696 миң тонна түшүм алынды. Ош облусунда 211,4 миң тонна, Жалал-Абад облусунда 141,6 миң тонна дан эгиндери жыйналды. Баткен, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында да түшүм жыйноо иштери улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media