"Манас Ордо" комплексинин жаңы объектилери ачылды

"Манас Ордо" комплексинин жаңы объектилери ачылды

Президенттин Талас областына болгон иш сапарынын алкагында, “Манас ордо” комплексинин жаңы салынган комплекстеринин ачылыш аземине катышуу ишчарасы каралган. Ачылыш аземи атайын көрүүчүлөргө арналган “Манас” эпосунун негизинде сахналаштырылган көрсөтмө менен башталды.

 Андан соң Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, "Манас Ордо" комплексин жаңылоо кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, улуттук духту, биримдикти жана муундардын байланышын бекемдөө үчүн маанилүү кадам экенине токтолду.

“Манас Ордо” комплекси өлкөдөгү маанилүү маданий-тарыхый жана руханий жайлардын бири болуп саналат. Анын тарыхы 1976-жылдан башталат. Дал ошол жылы Манастын күмбөзүнүн айланасында адабий-этнографиялык музей түзүлгөн. Ал эми 2001-жылы комплекске “улуттук” статусу берилген. Комплекстин аймагында 2 676 чарчы метр аянттагы, 200 орундуу Конгресс-холл, зыяратчылар үйү, 5 коттедж, банкеттик зал жана 531 чарчы метрлик административдик корпус курулду.” – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле "Манас" музейи жаңыланып, анын аянты 1 090 чарчы метрге чейин кеңейтилди. Экспозицияда "Манас" эпосу менен катар "Семетей" жана "Сейтек" эпостору да кеңири чагылдырылып, заманбап санариптик жана голографиялык технологиялар киргизилди.

Массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн 3 миң орундуу жабык трибуна реконструкцияланып, жалпы аянты 351 чарчы метр болгон сувенир дүкөндөрү курулду.

"Манас Ордо" комплексинин тарыхы 1976-жылдан башталат. Ал жылы Манастын күмбөзүнүн айланасында адабий-этнографиялык музей түзүлүп, 2001-жылы комплекске "улуттук" статус берилген.

Жаңыланган инфраструктура комплексине келгендер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө, тарыхый-маданий мурасты кеңири жайылтууга жана мамлекеттик, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media