Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Президент Садыр Жапаров Таласта Мамлекеттик туу көтөрүү аземине катышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Мамлекеттик туу көтөрүү салтанатына катышты. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Аземде Улуттук гвардиянын колбашчысы Мамлекет башчысына рапорт берди. Мамлекеттик гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү.

Өз сөзүндө президент Садыр Жапаров Мамлекеттик туу – эл-жер үчүн канын-жанын арнаган ата-бабалардын изи, кайрат-күчү, деми туюнтулган мамлекеттик туубуз элибиздин сыймыгы, журтубуздун биримдиги, мамлекетибиздин тарыхы, ата-бабалардан калган аманат жана кийинки муунга өткөрүп берүүчү эң ыйык таберик экенине токтолду.

"Ошондуктан күн нуру чайып, түндүгүнө ата-бабалардын руху оролгон Туубуз көтөрүлгөндө ар бир кыргыз жаранынын жүрөгү туйлап, "Бул – менин Мекеним! Бул – менин аманатым" деп, бабаларыбыздан калган жерди, элди, тилди, нарк-насилди сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү жоопкерчилиги кулагында жаңырып турушу керек", - деди президент.

Мамлекет башчысы өлкөнү бекемдөөнүн негизги шарттары катары элдин биримдигин жана биргелешкен эмгекти атады. Ал эгемендүүлүктүн 35 жылында Кыргызстан түрдүү сыноолорду баштан кечиргенин белгилеп, өткөндөн сабак алып, улуттук баалуулуктарды сактоо менен өнүккөн Кыргызстанды куруу зарылдыгын айтты.

Президент сөзүнүн соңунда элди биримдикти сактоого, эгемендүүлүктү коргоого жана өз эмгеги менен Мекенге болгон сүйүүсүн көрсөтүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media