Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу спорт комплекси 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталат.

Стадион ишке киргенден кийин футбол, жеңил атлетика жана башка спорт түрлөрү боюнча машыгууларды жана мелдештерди өткөрүүгө, ошондой эле республикалык жана эл аралык деңгээлдеги ири маданий-массалык иш-чараларды уюштурууга шарт түзүлөт.

Садыр Жапаров аймактарда спортту өнүктүрүүгө шарт түзүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеп, стадиондун облус тургундары үчүн социалдык мааниси жогору экенин айтты. Президент курулуш иштеринин сапатын камсыз кылып, спорт комплексин белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Балыкчы шаарында “826,7 млн сом уурдалган” деген маалымат туура эмес

Балыкчы шаарында “826,7 млн сом уурдалган” деген маалымат туура эмес

Кыргызстандын Эсептөө палатасы Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын түшүндүрдү. Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү 2024-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилди камтыган шайкештик аудитин жүргүзгөн. Аудиттин жыйынтыгы боюнча 826,7 млн сом көлөмүндө финансылык бузуулар жана

ӨКМ мектептердин өрт коопсуздугу боюнча даярдыгын текшерүүдө

ӨКМ мектептердин өрт коопсуздугу боюнча даярдыгын текшерүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы жаңы окуу жылынын башталышына карата өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин өрт коопсуздугу боюнча даярдыгын пландуу текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептерде өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышы, эвакуациялык чыгуу жолдорунун абалы, өрт өчүрүүчү каражаттардын жарактуулугу жана электр жабдууларынын коопсуздугу каралууда. ӨКМдин

Кыргызстанда улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы биринчи банкноттору басылып чыкты

Кыргызстанда улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы биринчи банкноттору басылып чыкты

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35-жылдыгын белгилөө менен бирге өлкөбүздө дагы бир маанилүү, тарыхый окуя орун алды. Улуттук валютабыз, сом 30 жылдан ашуун убакыт бою улуттук өлкөбүздүн чегинен тышкары басып келген болсо, бүгүн бул стратегиялык процессти өз алдынча камсыздоого маанилүү кадам ташталды.  Улуттук банктын маалыматына караганда, Президенттин тапшырмасын аткаруу максатында,