Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

Садыр Жапаров Талас шаарына 30 электробустун ачкычын тапшырды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарына арналган 30 заманбап электробустун ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электробустар шаардагы коомдук транспорт системасын жаңыртуу жана экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү максатында ишке киргизилүүдө. Алар үчүн керектүү кубаттоо станциялары жеткирилип, "Талас автобекетинин" аймагында атайын токтотуучу жана кубаттоочу жайлар даярдалды.

Учурда Талас шаарынын ичинде жана ага жакын айылдарга жаңы каттамдардын схемалары менен жүрүү графиктери иштелип чыгууда. Жаңы транспорт коомдук каттамдардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө, ошондой эле абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media
Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана,

Ишкер Media