Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Таласта "Акылман" лицейи ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы "Акылман" лицейинин ачылышына катышты. Ошондой эле онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди.

Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчысы лицейдин ачылышында билимдүү, мекенчил жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги күчү экенин белгилеп, окуучуларды заманбап билим алуу менен катар улуттук баалуулуктарды жана мекенчилдикти айкалыштырууга чакырды.

"Акылман" лицейинин комплексинде окуу корпусу, жатакана, футбол талаасы, жеңил атлетика, баскетбол жана волейбол аянтчалары, воркаут аянты бар. Окуу корпусунда 19 кабинет, 4 лаборатория, китепкана, ашкана, спорт зал жана 300 орундуу конференц-зал жайгашкан.

Президенттин айтымында, лицейдин курулушу мамлекет менен меценаттардын биргелешкен аракетинин натыйжасы. Ал окуу жайдан келечекте өлкөнүн сыймыгы боло турган адистер чыгарына ишеним билдирди.

Мындан тышкары, Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча 34 мектеп, 28 бала бакча, 12 спорттук имарат, 9 саламаттык сактоо мекемеси, 9 маданий жана 11 административдик объект, ошондой эле башка багыттагы 2 объект пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Ак-Ордодо 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №104 мектептин курулушу толугу менен аяктады. Мектептин курулушу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, учурда имаратка эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат. Курулуш министрлиги билдиргендей, үч кабаттуу мектеп 750 окуучуга ылайыкталып, заманбап панелдик типте курулган. Анда окуу класстарынан тышкары лабораториялар, компьютердик класстар,

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте II эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүүдө

Бишкекте 10–14-сентябрь күндөрү II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат. Быйылкы фестиваль белгилүү даректүү тасма режиссёру Альгимантас Видугиристин элесине арналууда. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспективдүү программа да уюштурулган. Фестивалдын ачылыш аземи 10-сентябрда "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Анын алкагында Альгимантас Видугиристин 1971-жылы тартылган

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ошто 142 млн сомдук заманбап оорукана курулду

Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор министрлик тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү. Жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле оорукананын жанына

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Садыр Жапаров Таласта КУУнун жаңы окуу корпусун ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Таластагы көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылышына катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, беш кабаттуу, жалпы аянты 5600 чарчы метр болгон корпус 3000 студентке ылайыкталып, заманбап жабдуулар жана санариптик технологиялар менен камсыздалды. Мамлекет