Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын айтышы башталды
Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралар "Манас Ордо" улуттук комплексинде төкмө акындардын өнөр таймашы менен башталды.
Иш-чарада 16 төкмө акын өз өнөрүн тартуулап, Талас өрөөнүнүн тургундарына жана аймакка келген конокторго чыгармачылыгын сунушташты.
Төкмө акындардын таймашынын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт.
Мааракелик иш-чаралардын алкагында маданий жана коомдук багыттагы бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалууда.
