"Росатом" экологиялык мурасты жоюуга кандайча жардам берерин айтып берди
"Росатом" КРнын ӨКМ менен биргеликте мурдагы "Кристалл" заводунун аймагын коопсуз абалга келтирүү үчүн россиялык инженердик жана экологиялык технологияларды колдонот. Кыргыз Республикасынын Таш-Көмүр шаарында "Кристалл" заводунун аймагында алдыда аткарыла турган иштерге арналган маалыматтык жолугушуу өтүп, ага жергиликтүү тургундар, коомдук жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.
«Росатом» мамлекеттик корпорациясынын адистери заводдун аймагын коопсуз абалга келтирүүнүн этаптары, технологиялык чечимдер жана экологиялык көзөмөл системасы тууралуу маалымат беришти.
Долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында “Росатом” мамлекеттик корпорациясы, КРнын ӨКМ жана КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүлөт.
“Биз жетише турган башкы жыйынтык — бул аймакта көп жылдар бою сакталып келе жаткан экологиялык тобокелдиктерди жоюу болуп саналат. Мындай объектилер менен иштөө үчүн бир гана технологиялык чечим жетишсиз. Инженердик компетенцияларды, экологиялык көзөмөлдү жана ар бир этаптагы жоопкерчиликти бириктирген система керек. Ошондой эле биз үчүн Таш-Көмүрдүн тургундарына алдыда аткарыла турган иштер жана коопсуздук чаралары тууралуу ачык айтып берүү принципиалдуу мааниге ээ”, — деди «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын өкүлү, «Федералдык экологиялык оператор» ФМУИнин экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча директору Станислав Жабриков.
«Таш-Көмүрдүн тургундары үчүн долбоордун акыркы максатын гана эмес, иштер түздөн-түз жүргүзүлүп жаткан учурда коопсуздук кандай камсыз кылынарын түшүнүү маанилүү. Ошондуктан көзөмөл ар бир этапта жүргүзүлүшү шарт. Калк менен ачык диалог да бул иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Эл ишенимдүү маалымат алып, өздөрүн кызыктырган суроолорду адистерге берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек» - деп белгиледи, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаментинин директорунун орун басары Кылычбек Апиев.
Мурдагы "Кристалл" заводунун аймагындагы долбоор экология тармагында Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгын өнүктүрүүдө. Технологиялык тажрыйбаны, инженердик компетенцияларды жана экологиялык көзөмөл системасын бириктирүү мурдагы "Кристалл" заводунун аймагында топтолгон тобокелдиктерди акырындык менен жоюуга жана аймактын экологиялык коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.


Маалымат үчүн
2024-жылдын октябрь айында "ФЭО" ФМУИ аянтчага техникалык аудит жүргүзүп, анда сактоочу резервуарлардын эскирүү даражасы аныкталып, учурдагы кемчиликтер жана объекттин айлана-чөйрөгө тийгизген таасири бааланган. Адистердин баамында, технологиялык сыйымдуулуктар узак убакыт бою пайдаланылбай тургандыктан эскирип, табигый түрдө бузулуу абалына жеткен. Бул алардын талкаланып же герметикалуулугун жоготуу тобокелдигин жаратууда.
Буга чейин Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү Иркутск облусунда топтолгон экологиялык зыян келтирилген ири өнөр жай объектилеринин булганган аймактарын калыбына келтирүү боюнча россиялык тажрыйба менен таанышып келишкен.
"Росатомдун" экологиялык блогу атом тармагынын экологиялык коопсуздугун, калктын экологиялык бакубаттуулугун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Багыттын ишмердигине өнөр жай калдыктары менен иштөө, айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүү, булганган аймактарды калыбына келтирүү жана экосистемаларды жаңылоо кирет. "Экологиялык бакубаттуулук" улуттук долбоорунун алкагында бул блок I–II кооптуулук классына кирген өнөр жай калдыктарын башкаруунун улуттук системасын да түзүүдө.