Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр
Кызыл-Кыя шаарындагы муниципалдык жылуулук ишканасы быйылкы жылытуу мезгилине даяр. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, учурда ишканада 2700 тонна көмүр камдалып, шаарга жылуулук берүү 5-ноябрда башталган. Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов ишкананын ишмердүүлүгү жана кышкы сезонго даярдыгы менен таанышты.
Ишкана жалпы 2000 абонентти жылуулук менен камсыздайт. Алардын арасында 13 мамлекеттик, 29 коммерциялык мекеме жана 45 көп кабаттуу турак үй бар.
Ишкананын бир жылдык көмүр керектөөсү 7 миң тоннаны түзөт. Учурда анын 2700 тоннасы жеткирилген. Калган көмүр муктаждыкка жараша этап-этабы менен ташылып келет.
Жолугушууда жылуулук ишканасынын кубаттуулугун жогорулатуу, жылуулук насосторун сатып алуу жана борбордук жылуулук тармагына туташтырыла элек алыскы аймактарга жылуулук жеткирүү маселелери талкууланды. Бул багыттар боюнча тиешелүү долбоорлорду даярдоо сунушталды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу