Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы Талас–Тараз автожолунун 32-чакырымында жайгашкан "Ред Петролеум" объектисинде мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды.

Курулуш министрлиги маалымдагандай, текшерүүдө реконструкциялоо иштерине тиешелүү долбоордук документтер жоктугу жана объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбагандыгы белгилүү болду.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жооптуу тарап – "Альфа-Ойл" ЖЧКсына карата акт түзүлүп, аларды жоюу боюнча эскертүү берилди. Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик чаралар көрүлдү.

Курулуш министрлиги бардык компанияларды курулуш ченемдеринин жана техникалык талаптарды так сактоого чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды

Bishkek Snow Leopard Run: чуркоодон түшкөн каражат жаратылышты коргоого жумшалууда

"Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык төлөмдү көбөйтүүгө арналган мыйзам колдоо тапты