Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Никотин суюктугу бар электронду тамекинин өлкөгө ташып киргизүүгө 6 айлык мөөнөткө тыюу салуу сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыкты.

Белгилей турган болсок, бул токтом долбоору мурун киргизилген чектөөнү узартууну көздөйт. Анткени быйыл 1-июнда өлкөгө электрондук чылымды ташып келүүгө 6 айлык чектөө киргизилген. Учурда ал 9-декабрга чейин күчүндө.
Айта кетсек, былтыр 1-июлдан баштап өлкөдө электрондук чылымды колдонууга жана сатууга тыюу салынган. Чеккендерге 10 миң сом, саткандарга 65 миң сомго чейин айып салынат. Ал эми ташып келгендерге 100-120 миң сом айып каралса, өзгөчө ири өлчөмдө ташып келгендерге 150-200 миң сомго чейин айып пул чегерилет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды

Bishkek Snow Leopard Run: чуркоодон түшкөн каражат жаратылышты коргоого жумшалууда

"Баатыр энелерге" берилүүчү пенсиялык төлөмдү көбөйтүүгө арналган мыйзам колдоо тапты

Оштогу унаа жолдун 55 километри реконструкцияланууда

Кыргызстанга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн 18 өлкөгө кеңейтүү сунушталууда