2026-жылдын январь–июль айларында орточо айлык акы 54,864 миң сомду түздү

2026-жылдын январь–июль айларында орточо айлык акы 54,864 миң сомду түздү

2026-жылдын январь–июль айларында чакан ишканаларды эске албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 54 864 сомду түздү. 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу айлык акы 28,5 %га өстү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин КРнын социалдык-экономикалык абалы боюнча алдын ала маалыматында берилген.

Билдирүүгө караганда, керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу эмгек акы 15,9 %га көбөйдү. Айлык акынын өсүшү экономикалык ишмердиктин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалды. Алардын эң олуттуу жогорулашы кийинки тармактарда белгиленген:  
  • искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (49,2 %),
  • саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө (43,7 %),
  • билим берүү (42,0 %),
  • айыл чарбасы, токой чарбасы (36,1 %),
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (33,1 %),
  • финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (25,4 %),
  • кыймылсыз мүлк операциялары (24,1 %),
  • курулушта (22,4 %) ж.б.

Ал эми 2026-жылдын 1-июлуна карата жалпы республика боюнча эмгек акы төлөө боюнча жалпы карыздын суммасы өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырганда 2,5 % азайды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматтары боюнча жумуш издеп, мамлекеттик иш менен камсыздоо органдарында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 2026-ж. 1-августуна карата 60,6 миң адамды түздү, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырганда 6,5 % аз, анын ичинен катталган жумушсуздардын саны - 37,5 миң адам же 17,2 % аз.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 46,6 % аялдарга туура келди. Катталган жумушсуздуктун деңгээли жумушчу күчүнүн жалпы санынын 1,3 % түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда "Бирдиктүү саламаттык" программасын ишке ашыруу талкууланды

Кыргызстанда "Бирдиктүү саламаттык" программасын ишке ашыруу талкууланды

Дүйнөлүк банктын миссиясынын алкагында "Бирдиктүү саламаттык" программасын ишке ашыруу боюнча Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (APIU) менен алгачкы жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин эл аралык долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда программаны ишке ашыруу пландары, алдыдагы милдеттер жана мындан аркы иштерди координациялоо маселелери

Бишкекте арзан эт саткан фудтрактар иштеп жатат

Бишкекте арзан эт саткан фудтрактар иштеп жатат

Бишкек шаарында арзан эт саткан көчмө фудтрактар иштеп жатат. Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда аталган көчмө унааларда ар бир адамга 5 кг чейин эт сатылууда. Андагы уйдун сөөктүү эти азыркы бүгүн 17-сентябрга карата - 680 сомго бааланып жатат.  “Кыргыз Агрохолдинг” ААКы тарабынан уюштурулган уй этин социалдык баада саткан күркөлөр учурда

Садыр Жапаров Сеулдагы Кыргызстандын элчилигине барды

Садыр Жапаров Сеулдагы Кыргызстандын элчилигине барды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Сеулдагы элчилигине барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү менен таанышып, иш бөлмөлөрүн, консулдук бөлүмдү жана сүйлөшүүлөр өтүүчү залдарды көрүп чыкты. Кыргызстандын Сеулдагы дипломатиялык өкүлчүлүгү 2006-жылы консулдук катары ачылып, 2008-жылы элчилик болуп кайра түзүлгөн.

Кыргызстандын коргоо министри Пекинде Кытайдын коргоо министри менен жолугушту

Кыргызстандын коргоо министри Пекинде Кытайдын коргоо министри менен жолугушту

Пекин шаарында өтүп жаткан 13-Пекин Сяньшань форумунун алкагында Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар коргонуу жаатындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу