2029-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү үчүн 300 жаңы материал иштелип чыгат

2029-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү үчүн 300 жаңы материал иштелип чыгат

Кыргызстанда 2029-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү үчүн 300 жаңы материал иштелип чыгат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Бүгүн министрликте мектепке чейинки билим берүү материалдарына жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыктары тааныштырылды. Талдоо SMART-ED ISDB/ISFD/GPE долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн.

Маалымдалгандай, аталган долбоор министрлик тарабынан Ислам өнүктүрүү банкы, Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2025–2029-жылдары ишке ашырылууда.

Талдоонун жүрүшүндө учурда колдонулуп жаткан материалдар бирдиктүү реестрге топтолуп, алардын артыкчылыктары жана кемчиликтери аныкталды. Анын жыйынтыгында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер үчүн компетенттүүлүккө багытталган 300 инновациялык материалды иштеп чыгуу сунушталды.

Жаңы материалдар кагаз менен гана чектелбестен, санариптик, аудио жана видео форматтарда да даярдалат. Алар балдардын практикалык көндүмдөрүн эрте жаштан өнүктүрүүгө багытталат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы