Бишкек ЖЭБинде оңдоо иштеринин 80 пайызы аткарылды
"Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасында 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине даярдык иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бекитилген графикке ылайык, казан жана турбиналык жабдуулар оңдолуп, электр-техникалык жабдуулар техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, отун чарбасы даярдалууда.
Учурда даярдык жана оңдоо иштеринин 80 пайызы аткарылды.
Ишкананын маалыматына караганда, негизги максат - ЖЭБдин жылуулук берүү мезгилинде ишенимдүү, коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу.