Бишкекте арзан эт саткан фудтрактар иштеп жатат

Бишкекте арзан эт саткан фудтрактар иштеп жатат

Бишкек шаарында арзан эт саткан көчмө фудтрактар иштеп жатат. Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда аталган көчмө унааларда ар бир адамга 5 кг чейин эт сатылууда. Андагы уйдун сөөктүү эти азыркы бүгүн 17-сентябрга карата - 680 сомго бааланып жатат.

 “Кыргыз Агрохолдинг” ААКы тарабынан уюштурулган уй этин социалдык баада саткан күркөлөр учурда Бишкек шаарынын төрт районуна бөлүштүрүлгөн. Алар борбор калаанын төмөнкү даректеринде жайгаштырылган:

  • Бишкек шаары, Аламүдүн-1 конушу, 7/1, Сагынбай Манасчы көчөсү (чыгыш тарабындагы унаа токтотуучу жай)
  • Бишкек шаары, Көк-Жар кичи району, 3/1 (унаа токтотуучу жай);
  • Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы)
  • Бишкек шаары, Киев көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши («Берекет Универсал» базарынын батыш тарабындагы унаа токтотуучу жай)
  • Бишкек шаары, Тунгуч кичи району («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы)
  • Бишкек шаары, «Ортосай» базары («Оберон» унаа токтотуучу жайы)
  • Бишкек шаары, Гагарин көчөсү менен Космостук көчөсүнүн кесилиши (Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы)
  • Бишкек шаары, Ленин көчөсү, 135
  • Бишкек шаары, Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы)
  • Бишкек шаары, Москва көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы