Эмгек министрлиги жана ЕЭК эмгек миграциясын талкуулады

Эмгек министрлиги жана ЕЭК эмгек миграциясын талкуулады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев бүгүн Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Айгүл Рыскулова менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Жолугушууда ЕАЭБ алкагындагы эмгек миграциясы, эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык корголушу, ошондой эле жарандардын укуктарын камсыздоо маселелери талкууланды.

Министр Кыргызстандын жарандарынын ЕАЭБ өлкөлөрүндө болуу жана эмгектенүү шарттарын жеңилдетүүгө багытталган механизмдерди өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

ЕЭК өкүлү эмгек миграциясын санариптештирүү жана бирдей социалдык кепилдиктерди камсыздоо боюнча Комиссиянын демилгелери тууралуу маалымат берди.

Тараптар социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары күчөтүп, биргелешкен иштерди улантууга макулдашты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Таласта мыйзамсыз кум-шагыл казган ишканага 35 миң сом айып салынды

Таласта мыйзамсыз кум-шагыл казган ишканага 35 миң сом айып салынды

Талас облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу жана таштанды төгүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгы жүргүзгөн рейд учурунда Айтматов районундагы "Гранит Транс Сервис" ишканасынын мыйзамсыз кум-шагыл казып жатканы аныкталган. Факт боюнча

Бишкек ЖЭБинде оңдоо иштеринин 80 пайызы аткарылды

Бишкек ЖЭБинде оңдоо иштеринин 80 пайызы аткарылды

"Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасында 2026–2027-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине даярдык иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бекитилген графикке ылайык, казан жана турбиналык жабдуулар оңдолуп, электр-техникалык жабдуулар техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, отун чарбасы даярдалууда. Учурда даярдык жана оңдоо иштеринин 80 пайызы аткарылды. Ишкананын маалыматына караганда, негизги максат - ЖЭБдин

Кыргызстанда "Бирдиктүү саламаттык" программасын ишке ашыруу талкууланды

Кыргызстанда "Бирдиктүү саламаттык" программасын ишке ашыруу талкууланды

Дүйнөлүк банктын миссиясынын алкагында "Бирдиктүү саламаттык" программасын ишке ашыруу боюнча Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (APIU) менен алгачкы жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин эл аралык долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда программаны ишке ашыруу пландары, алдыдагы милдеттер жана мындан аркы иштерди координациялоо маселелери

Бишкекте арзан эт саткан фудтрактар иштеп жатат

Бишкекте арзан эт саткан фудтрактар иштеп жатат

Бишкек шаарында арзан эт саткан көчмө фудтрактар иштеп жатат. Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда аталган көчмө унааларда ар бир адамга 5 кг чейин эт сатылууда. Андагы уйдун сөөктүү эти азыркы бүгүн 17-сентябрга карата - 680 сомго бааланып жатат.  “Кыргыз Агрохолдинг” ААКы тарабынан уюштурулган уй этин социалдык баада саткан күркөлөр учурда