Кийинки пандемия сөзсүз болобу: дүйнө эмнеге даярданып жатат?

Кийинки пандемия сөзсүз болобу: дүйнө эмнеге даярданып жатат?

COVID-19 миллиондогон адамдын өмүрүн алып, саламаттык сактоо системаларына олуттуу зыян келтирип, коомдун көнүмүш жашоосун өзгөрткөнүнө жана дүйнөлүк экономиканы дээрлик токтотконуна беш жыл өттү. Эми дүйнө кийинки пандемияга даярдыкты күчөтүүгө аракет кылууда. Мындай маалыматты Бириккен улуттар уюмунан (БУУ) кабарлашты.

Билдирүүгө таянсак, бул маселе жаңы жугуштуу оорулардын пайда болушу, климаттык кризистер жана куралдуу жаңжалдар сыяктуу глобалдык туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч жараткан факторлор күчөп жаткан шартта өзгөчө маанилүү болуп жатат.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш пандемияга каршы глобалдык аракеттерди «адамзаттын тапкычтыгы жана кемчиликтеринин тарыхы» деп атаган. Вакциналар рекорддук кыска убакытта иштелип чыкканы менен, өзгөчө кырдаалга жетишсиз даярдык эң аялуу адамдардын медициналык жардамга жетүүсүн чектеп, аларды пандемиянын кесепеттерине көбүрөөк дуушар кылган.

Эмне үчүн глобалдык даярдык маанилүү?

COVID-19 сыяктуу вирустар мамлекеттик чек араларды тааныбайт. Бир өлкөдө аныкталган инфекция кыска убакытта дүйнөнүн башка аймактарына жайылып, адамдардын ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.

Ошондуктан эл аралык деңгээлдеги негизги багыттардын катарына эпидемиологиялык көзөмөл, маалымат алмашуу, илимий изилдөөлөр, жаңы каражаттарды иштеп чыгуу, ошондой эле вакцинага, диагностикага жана дарылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу кирет.

Бүгүнкү күндө адамдардын, жаныбарлардын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгы өз ара байланышкан бирдиктүү система катары каралууда. Жаңы жугуштуу оорулардын 60 пайыздан көбү жаныбарлардан адамдарга жугат. Ошондуктан бул үч багыттын кесилишинде жүргүзүлгөн көзөмөл өзгөчө мааниге ээ.

Теңсиздик маселеси

COVID-19 пандемиясы вакцинага, тесттерге жана дарылоо ыкмаларына жеткиликтүүлүктөгү олуттуу теңсиздикти ачык көрсөттү. Өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү бар бай өлкөлөр пандемияга кыйла жакшы даяр болгон.

Билдирүүгө караганда, теңсиздик маселеси вакцина, дары-дармек жана диагностикага жеткиликтүүлүк менен гана чектелбейт. Ал билимге жана көндүмдөргө, ресурстарга жана каржылоого жетүүнү да камтыйт.

Бул айырмачылыкты кыскартуу пандемиянын алдын алууну, ага даярдык көрүүнү жана жооп кайтарууну бир гана улуттук эмес, эл аралык милдет катары кароонун негизги себептеринин бири болуп саналат.

Пандемияга каршы глобалдык келишим

COVID-19 пандемиясы дүйнө үчүн олуттуу эскертүү болду. Келечектеги пандемиялардын алдын алуу жана аларга жооп кайтаруу үчүн эл аралык кызматташуу маанилүү экени айкын болду.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш кийинки пандемия болгондо өткөндөгү каталарды кайталабоо керектигин белгилеп, мамлекеттерди биргелешип иштөөгө чакырган.

2025-жылдын май айында ДСУнун пандемияга каршы күрөшүү боюнча тарыхый келишими кабыл алынган. Бул пандемиялардын алдын алуу, аларга даярдык көрүү жана жооп кайтаруу боюнча юридикалык жактан милдеттүү биринчи глобалдык келишим болуп саналат.

Келишимди кабыл алуу — башталышы гана

Өлкөлөргө патогендерге жеткиликтүүлүк жана аларды биргелешип пайдалануунун артыкчылыктары тууралуу тиркемени дагы макулдашуу керек. Бул механизм вирустардын үлгүлөрүн алмашууну карайт жана өз кезегинде аларга муктаж өлкөлөргө ошол үлгүлөрдүн негизинде иштелип чыккан вакциналарга, диагностика жана дарылоо каражаттарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган.

Тиркеме Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы тарабынан кабыл алынгандан кийин келишим улуттук деңгээлде кол коюу жана ратификациялоо үчүн ачылат. Документ күчүнө кириши үчүн 60 өлкөнүн ратификациясы талап кылынат.

Келишим ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда медициналык материалдарды өлкөлөргө жеткирүүгө мүмкүндүк бере турган жеткирүү жана логистика чынжырларынын глобалдык тармагын түзүүнү карайт.

Өзгөчө кырдаалды алдын алуу үчүн эмне керек?

Кийинки пандемияга даярдыкты күчөтүү үчүн эл аралык коомчулук төмөнкү багыттарга көңүл бурушу керек:

  • оорунун очоктору пайда боло электе алардын алдын алуу жана жайылышына жол бербөө;
  • зарыл көндүмдөрдү жана ресурстарды, анын ичинде илимий изилдөө жана иштеп чыгуулар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
  • негизги медициналык кызматтардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган натыйжалуу жооп кайтаруу системасын түзүү;
  • өндүрүштү тез арада кеңейтүүгө мүмкүндүк бере турган кошумча кубаттуулуктарды ар кайсы аймактарда түзүү жана туруктуу жеткирүү чынжырларын камсыз кылуу.

Бул аракеттердин негизи туруктуу жана алдын ала болжолдонгон каржылоо, ошондой эле эл аралык координация жана кызматташтык үчүн укуктук механизмдер болушу керек.

БУУда жогорку деңгээлдеги жыйын өтөт

БУУнун 193 мамлекеттен турган Башкы ассамблеясы 2026-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасында пандемиялардын алдын алуу, аларга даярдык көрүү жана жооп кайтаруу маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жыйын өткөрөт.

Дүйнө лидерлери глобалдык аракеттерди координациялоо, каржылоо жана медициналык материалдарга бирдей жеткиликтүүлүк маселелерин талкуулашат жана анын жыйынтыгында мамлекеттердин жаңы милдеттенмелерин бекемдөөгө багытталган саясий декларация кабыл алынышы күтүлүүдө.

Кийинки пандемиянын качан пайда болорун алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Ошондуктан ага даярдык көрүү чечүүчү мааниге ээ. COVID-19дан алынган негизги сабак — даярдыкты оору күчөп, ооруканалар бейтаптарга толуп кеткенде баштабоо керек. Ал азыртан жүргүзүлүшү шарт. Бул үчүн саламаттык сактоо системаларын бекемдөө, ооруларды эрте аныктоонун натыйжалуу механизмдерин түзүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Корея бир катар эки тараптуу документке кол койду

Кыргызстан менен Корея бир катар эки тараптуу документке кол койду

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгында кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, документтер соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, бажы иши, билим берүү, маданият, энергетика, спорт, эмгек миграциясы, шаарларды жана инфраструктураны өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана токой

Ошто муниципалдык жер тилкелери аукционго коюлат

Ошто муниципалдык жер тилкелери аукционго коюлат

Ош шаарында муниципалдык жер тилкелери убактылуу ижарага берүү үчүн аукционго коюлат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аукционго катышуу үчүн жеке жактар паспортунун көчүрмөсүн, ал эми юридикалык жактар тиешелүү уюштуруу документтерин, өкүлүнүн паспортун жана ишеним катын тапшырышы керек. Ошондой эле старттык баанын 10 пайызы өлчөмүндө кепилдик төлөм жана лоттун старттык

Кыргызстан Кореяда критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясын сунуштады

Кыргызстан Кореяда критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясын сунуштады

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Сеул шаарында өткөн "Корея - Борбордук Азия" биринчи бизнес-саммитинде критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясын тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, Акыл Токтобаев Кыргызстандын ресурстук потенциалы жогору экенин белгилеп, тоо-кен тармагын диверсификациялоонун жана критикалык минералдар секторун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө

Караколдо мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Караколдо мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Каракол шаарында курулуш мыйзамдарын жана тиешелүү ченемдерди бузган эки объект аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын текшерүүсүндө Кадыров көчөсү 92 дарегиндеги конок үйү жеке турак жай курууга арналган жер тилкесинде жайгашканы белгилүү болгон. Жер тилкесинин жана турак жайдын багыты өзгөртүлбөстөн,