Кыргызстан Кореяда критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясын сунуштады

Кыргызстан Кореяда критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясын сунуштады

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Сеул шаарында өткөн "Корея - Борбордук Азия" биринчи бизнес-саммитинде критикалык минералдарды өнүктүрүү стратегиясын тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, Акыл Токтобаев Кыргызстандын ресурстук потенциалы жогору экенин белгилеп, тоо-кен тармагын диверсификациялоонун жана критикалык минералдар секторун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Кыргызстан геологиялык чалгындоо жана казып алуудан тартып, сырьёну байытуу жана кайра иштетүүгө чейинки бардык этаптарда эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Стратегия тармактын айкындуулугун жогорулатуу, инвесторлор үчүн туруктуу шарттарды түзүү, инфраструктура жана технологияларды өнүктүрүү, эл аралык каржылоону кеңейтүү, ошондой эле ESG принциптерин сактоо жана жергиликтүү жамааттарды колдоону камтыйт.

Министр инвесторлорду, технологиялык компанияларды жана финансылык институттарды критикалык минералдар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды