Караколдо мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Караколдо мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Каракол шаарында курулуш мыйзамдарын жана тиешелүү ченемдерди бузган эки объект аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын текшерүүсүндө Кадыров көчөсү 92 дарегиндеги конок үйү жеке турак жай курууга арналган жер тилкесинде жайгашканы белгилүү болгон. Жер тилкесинин жана турак жайдын багыты өзгөртүлбөстөн, объект конок үйү катары пайдаланылып келген.

Ошондой эле Коенкозов көчөсү 10 дарегиндеги көп батирлүү турак жайларда тиешелүү уруксат документтери жок курулуш иштери жүргүзүлгөнү аныкталган.

Мыйзам бузуулар боюнча жооптуу тараптарга актылар түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чаралар көрүлдү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды