Ошто муниципалдык жер тилкелери аукционго коюлат

Ошто муниципалдык жер тилкелери аукционго коюлат

Ош шаарында муниципалдык жер тилкелери убактылуу ижарага берүү үчүн аукционго коюлат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аукционго катышуу үчүн жеке жактар паспортунун көчүрмөсүн, ал эми юридикалык жактар тиешелүү уюштуруу документтерин, өкүлүнүн паспортун жана ишеним катын тапшырышы керек.

Ошондой эле старттык баанын 10 пайызы өлчөмүндө кепилдик төлөм жана лоттун старттык баасынын 0,5 пайызы өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөнгөнүн тастыктаган документ талап кылынат.

Аукционго катышуу жөнүндө арызда лоттун номери көрсөтүлүшү зарыл. Аукцион Ош мэриясынын расмий сайтына кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин өткөрүлөт.

Аукционго физикалык жана юридикалык жактар, анын ичинде белгиленген мөөнөттө арыз бергендер катыша алат. Катышуучулар Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына, Заднепровский көчөсү №4 дарегине кайрыла алышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы