Кыргызстан Корея жана Борбор Азия менен жасалма интеллект боюнча өнөктөштүктү сунуштады

Кыргызстан Корея жана Борбор Азия менен жасалма интеллект боюнча өнөктөштүктү сунуштады

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Сеул шаарында "Корея Республикасы - Борбордук Азия: жасалма интеллект, илим жана келечектин технологиялары жаатындагы өнөктөштүк" аттуу биринчи министрлер жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушууда жасалма интеллект, илим жана технологиялар тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Корея тарап Борбор Азия өлкөлөрү менен бул багыттагы өнөктөштүк демилгесин тааныштырды.

Гульзат Исаматова жасалма интеллектти коопсуз жана жоопкерчиликтүү колдонуу, кадрларды даярдоо жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан жасалма интеллект боюнча региондук кызматташтык платформасын түзүүнү сунуштады. Анын алкагында жөнгө салуу, адистерди даярдоо жана пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралмакчы.

Мындан тышкары, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, окумуштуулар жана жаш изилдөөчүлөр менен алмашууну кеңейтүү, лабораториялар менен илимий маалыматтарды биргелешип пайдалануу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жасалма интеллект, илим жана технологиялар жаатында узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгени кабыл алышты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан «Глобал Хакатом» эл аралык чемпионатында 3-орунду алды

Кыргызстан «Глобал Хакатом» эл аралык чемпионатында 3-орунду алды

Кыргызстандын «Ядролук көчмөн» («Ядерный кочевник») командасы «Глобал Хакатом» эл аралык студенттик чемпионатынын финалында үчүнчү орунду ээледи. Финал 14–15-сентябрда Екатеринбург шаарында Эл аралык жаштар фестивалы-2026нын алкагында өттү. Ага дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн улуттук этаптардын 80ден ашуун жеңүүчүсү катышты. Кыргызстандык топ автономдуу сүзүп жүрүүчү «атомдук» шаарды түзүү долбоору менен үчүнчү

Медициналык кызматтар санариптештирилүүдө

Медициналык кызматтар санариптештирилүүдө

Кыргызстанда медициналык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Министрдин орун басары Нурбек Букуев Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунда санариптештирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Маалымдалгандай, "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн керектелүүчү 083/у маалымкаты, аскердик-медициналык комиссиянын документтери, балдар

"Прод Импекск" ишканасына 4,6 млн доллар инвестиция салынат

"Прод Импекск" ишканасына 4,6 млн доллар инвестиция салынат

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытында "Прод Импекс" ЖЧКсында жаңы долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин эл аралык долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, Азия өнүктүрүү банкынын консультациялык миссиясынын өкүлдөрү ишканага барып, анын ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү пландары менен таанышты. Иш сапарга

Таласта мыйзамсыз кум-шагыл казган ишканага 35 миң сом айып салынды

Таласта мыйзамсыз кум-шагыл казган ишканага 35 миң сом айып салынды

Талас облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу жана таштанды төгүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгы жүргүзгөн рейд учурунда Айтматов районундагы "Гранит Транс Сервис" ишканасынын мыйзамсыз кум-шагыл казып жатканы аныкталган. Факт боюнча