Кыргызстанда "Бирдиктүү саламаттык" программасын ишке ашыруу талкууланды
Дүйнөлүк банктын миссиясынын алкагында "Бирдиктүү саламаттык" программасын ишке ашыруу боюнча Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (APIU) менен алгачкы жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин эл аралык долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда программаны ишке ашыруу пландары, алдыдагы милдеттер жана мындан аркы иштерди координациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле жооптуу түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүнө жана долбоордун практикалык аспектилерине көңүл бурулду.
Жыйынга Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риддел баштаган адистер жана APIUнун директору Тулеев, долбоордун координатору Калдыбаев баштаган кызматкерлер катышты.
Дүйнөлүк банктын миссиясы 14-18-сентябрь күндөрү өтүүдө. Анын алкагында мамлекеттик органдар жана башка кызыкдар тараптар менен программаны ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланат.
"Бирдиктүү саламаттык" программасы адамдын жана жаныбарлардын саламаттыгын, айлана-чөйрөнү коргоону, азык-түлүк системаларынын туруктуулугун камсыз кылууну жана пандемиялык коркунучтардын алдын алууну көздөйт.