Кыргызстанда товарларга байкоо жүргүзүү системасы ишке кирди

Кыргызстанда товарларга байкоо жүргүзүү системасы ишке кирди

1-сентябрдан тартып Кыргызстанда товарларга байкоо жүргүзүү системасы өнөр жайлык эксплуатацияга киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Аталган система салыктык башкарууну санариптештирүү жана Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында ишке киргизилди. Негизги өзгөрүүлөрдүн бири - мунай жана мунай заттарынан башка бардык товарлардын категориялары боюнча электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) милдеттүү колдонуу талабынын жоюлушу. Мунай жана мунай заттарына карата ЭТТКны колдонуу боюнча мурдагы тартип сакталат.

Айрым товарлар боюнча ЭТТКнын функциялары "Электрондук эсеп-фактура 2.0" (ЭЭФ 2.0) модулу аркылуу ишке ашырылат. Ал товарлардын жүгүртүлүшүн электрондук түрдө тариздөөгө, алардын кыймылын эсепке алууга жана көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мында ЭЭФ 2.0 салыктык милдеттенмелерди эсептөө жана аткаруу тартибин өзгөртпөйт.

Салык кызматы билдиргендей, байкоо жүргүзүү механизми тиешелүү эсепке алуу жана көзөмөлдөө тартиби мыйзамдарда жана эл аралык милдеттенмелерде каралган товарларга гана колдонулат. Анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келинген айрым товарлар бар. Алардын катарына муздаткычтар жана тоңдургучтар, кир жуучу машиналар, телевизорлор, ошондой эле теле-, видео жана башка тиричилик техникаларынын айрым түрлөрү кирет.

Ошондой эле виртуалдык калдыктарды иш жүзүндөгү калдыктарга шайкеш келтирүү талабы негизги каражат катары сатып алынган жана кийин кайра сатууга арналбаган товарларга карата колдонулбайт.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге системаны колдонууга даярдык көрүү үчүн сатылып жаткан жана пайдаланылып жаткан товарларды Салык кызматынын товарлар каталогуна киргизүүнү сунуштады. Импорттоочулар жана ата мекендик өндүрүүчүлөр каталогдогу маалыматтардын толуктугуна жана тууралыгына өзгөчө көңүл буруусу керек. Анткени товарлар тууралуу маалыматтардын актуалдуулугу электрондук документтерди туура түзүүнүн жана байкоо жүргүзүү системасынын натыйжалуу иштешинин маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда банк секторунун активдери 1,4 трлн сомдон ашты

Кыргызстанда банк секторунун активдери 1,4 трлн сомдон ашты

31-июлга карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп жаткан. Анын ичинен 6 банк ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптери боюнча кызмат көрсөтөт. Улуттук банк билдиргендей, банк секторунун жалпы активдери жыл башынан бери 21,9% өсүп, 1 476,1 млрд сомго жетти. Кардарларга берилген кредиттердин көлөмү 22,

Эми уйдун сөөгү менен этинин баасы 770 сомдон ашпайт

Эми уйдун сөөгү менен этинин баасы 770 сомдон ашпайт

Кыргызстанда эттин баасын туруктуу кармоо максатында уй жана кой этине максималдуу баалар белгиленди. Баалар малды багуудан тартып, продукцияны базарга жеткирүүгө чейинки чыгымдар талдангандан кийин аныкталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Бишкек шаарында уйдун сөөгү менен этинин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, сулп этинин баасы 870

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кытай Эл Республикасынын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) делегациясы иш сапар менен КРна келди. Анын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинде жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык стандарттардын эквиваленттүүлүгү, сертификаттарды өз ара таануу жана соода кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Суу ресурстары

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Сеул шаарында Корея Республикасынын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүү, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Тараптар санариптештирүү жана жасалма интеллект, туризм, инвестиция жана өнөр жай