Эми уйдун сөөгү менен этинин баасы 770 сомдон ашпайт

Эми уйдун сөөгү менен этинин баасы 770 сомдон ашпайт

Кыргызстанда эттин баасын туруктуу кармоо максатында уй жана кой этине максималдуу баалар белгиленди. Баалар малды багуудан тартып, продукцияны базарга жеткирүүгө чейинки чыгымдар талдангандан кийин аныкталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, Бишкек шаарында уйдун сөөгү менен этинин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, сулп этинин баасы 870 сом деп белгиленди. Кой этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сомду түзөт.

Аймактарда уйдун сөөгү менен этинин чекене баасы 750–775 сом, ал эми сулп эти 840–880 сом аралыгында белгиленди. Кой этинин чекене баасы облустарга жараша 840–880 сом болуп бекитилди.

Тактап айтканда, Чүйдө уйдун сөөгү менен эти 770 сом, Нарын жана Ошто 750 сом, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абадда 770 сом, Баткенде 775 сомдон сатылат. Сулп эттин баасы Нарын облусунда 840 сомдон башталып, Баткенде 880 сомго чейин жетет.

Мындан тышкары, курамында 80% эт жана 20% май бар А категориясындагы, ошондой эле 60% эт жана 40% майдан турган Б категориясындагы фаршка да туруктуу баалар бекитилди.


Жогорудагы маалымат жарыялангандан кийин, монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, көрсөтүлгөн баалар бекитилген же милдеттүү баа болуп саналбайт - деп билдирди. Маалымыматка караганда, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан рыноктогу баа туруктуулугун камсыз кылуу жана эттин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында гана сунушталган максималдуу баалар болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media