Кыргызстанда банк секторунун активдери 1,4 трлн сомдон ашты

Кыргызстанда банк секторунун активдери 1,4 трлн сомдон ашты

31-июлга карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп жаткан. Анын ичинен 6 банк ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптери боюнча кызмат көрсөтөт.

Улуттук банк билдиргендей, банк секторунун жалпы активдери жыл башынан бери 21,9% өсүп, 1 476,1 млрд сомго жетти.

Кардарларга берилген кредиттердин көлөмү 22,2% өсүп, 619,3 млрд сомду түздү. Ал эми депозиттердин жалпы көлөмү 3,9% көбөйүп, 900,2 млрд сомго жеткен.

Ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү жыл башынан бери 45,1% өсүп, 27,9 млрд сомду түздү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды