Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кытай Эл Республикасынын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) делегациясы иш сапар менен КРна келди. Анын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинде жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык стандарттардын эквиваленттүүлүгү, сертификаттарды өз ара таануу жана соода кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Суу ресурстары министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөргө министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова жана Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Жанара Бакирова катышты.

Негизги тема – эки өлкөнүн органикалык стандарттарын шайкеш келтирүү жана сертификация системаларын өз ара таануунун натыйжалуу механизмин түзүү болду. Бул органикалык продукция өндүрүүчүлөр үчүн тоскоолдуктарды азайтып, кыргыз продукциясынын Кытай рыногуна чыгышына шарт түзөт.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында - тараптар органикалык продукциянын сертификаттарын өз ара таануу боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишишти. Эки өлкөнүн адистеринен турган жумушчу топ түзүлүп, техникалык регламенттерди жана органикалык стандарттарды шайкеш келтирүү боюнча иш алып бармакчы болду.

Мындан сырткары Кыргызстандын адистери үчүн окутууларды жана такшалууларды уюштуруу маселеси каралды.

Жолугушуунун соңунда, тараптар органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Эми уйдун сөөгү менен этинин баасы 770 сомдон ашпайт

Эми уйдун сөөгү менен этинин баасы 770 сомдон ашпайт

Кыргызстанда эттин баасын туруктуу кармоо максатында уй жана кой этине максималдуу баалар белгиленди. Баалар малды багуудан тартып, продукцияны базарга жеткирүүгө чейинки чыгымдар талдангандан кийин аныкталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Бишкек шаарында уйдун сөөгү менен этинин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, сулп этинин баасы 870

Кыргызстанда товарларга байкоо жүргүзүү системасы ишке кирди

Кыргызстанда товарларга байкоо жүргүзүү системасы ишке кирди

1-сентябрдан тартып Кыргызстанда товарларга байкоо жүргүзүү системасы өнөр жайлык эксплуатацияга киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Аталган система салыктык башкарууну санариптештирүү жана Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында ишке киргизилди. Негизги өзгөрүүлөрдүн бири - мунай жана мунай заттарынан башка бардык товарлардын категориялары боюнча электрондук товардык-

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Сеул шаарында Корея Республикасынын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүү, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Тараптар санариптештирүү жана жасалма интеллект, туризм, инвестиция жана өнөр жай

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн саат 08:00дөн 16:00гө чейин ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ысык суу жылуулук магистралын реконструкциялоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Чүй проспектисиндеги 39, 41, 43, 45, 47, 43/1, 45/1, 47/1, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 61,