Кыргызстандын коргоо министри Пекинде Кытайдын коргоо министри менен жолугушту

Кыргызстандын коргоо министри Пекинде Кытайдын коргоо министри менен жолугушту

Пекин шаарында өтүп жаткан 13-Пекин Сяньшань форумунун алкагында Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар коргонуу жаатындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Форум 15-17-сентябрь күндөрү Пекинде "Туруктуулукту бекемдөө, күч-аракеттерди бириктирүү жана коопсуздук чөйрөсүндө глобалдык башкарууга биргелешип көмөктөшүү" темасында өтүүдө. Ага Коргоо министрлигинин делегациясы катышууда.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын январь–июль айларында орточо айлык акы 54,864 миң сомду түздү

2026-жылдын январь–июль айларында орточо айлык акы 54,864 миң сомду түздү

2026-жылдын январь–июль айларында чакан ишканаларды эске албаганда, бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 54 864 сомду түздү. 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу айлык акы 28,5 %га өстү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин КРнын социалдык-экономикалык абалы боюнча алдын ала маалыматында берилген. Билдирүүгө караганда, керектөө бааларынын индексин

Кыргызстан менен Корея бир катар эки тараптуу документке кол койду

Кыргызстан менен Корея бир катар эки тараптуу документке кол койду

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгында кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, документтер соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, бажы иши, билим берүү, маданият, энергетика, спорт, эмгек миграциясы, шаарларды жана инфраструктураны өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана токой

Ошто муниципалдык жер тилкелери аукционго коюлат

Ошто муниципалдык жер тилкелери аукционго коюлат

Ош шаарында муниципалдык жер тилкелери убактылуу ижарага берүү үчүн аукционго коюлат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аукционго катышуу үчүн жеке жактар паспортунун көчүрмөсүн, ал эми юридикалык жактар тиешелүү уюштуруу документтерин, өкүлүнүн паспортун жана ишеним катын тапшырышы керек. Ошондой эле старттык баанын 10 пайызы өлчөмүндө кепилдик төлөм жана лоттун старттык

Кийинки пандемия сөзсүз болобу: дүйнө эмнеге даярданып жатат?

Кийинки пандемия сөзсүз болобу: дүйнө эмнеге даярданып жатат?

COVID-19 миллиондогон адамдын өмүрүн алып, саламаттык сактоо системаларына олуттуу зыян келтирип, коомдун көнүмүш жашоосун өзгөрткөнүнө жана дүйнөлүк экономиканы дээрлик токтотконуна беш жыл өттү. Эми дүйнө кийинки пандемияга даярдыкты күчөтүүгө аракет кылууда. Мындай маалыматты Бириккен улуттар уюмунан (БУУ) кабарлашты. Билдирүүгө таянсак, бул маселе жаңы жугуштуу оорулардын пайда болушу, климаттык кризистер