Медициналык кызматтар санариптештирилүүдө

Медициналык кызматтар санариптештирилүүдө

Кыргызстанда медициналык кызматтарды санариптештирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрдин орун басары Нурбек Букуев Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунда санариптештирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Маалымдалгандай, "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн керектелүүчү 083/у маалымкаты, аскердик-медициналык комиссиянын документтери, балдар жана окуучулар үчүн 095/у жана 026/у маалымкаттары, ошондой эле электрондук санитардык китепче санарип форматка өткөрүлүүдө.

Долбоордун негизги принциби - "Маалымат бир жолу берилет". Башкача айтканда, жаран тууралуу керектүү маалымат мамлекеттик маалыматтык системада болсо, аны кайрадан кагаз түрүндө чогултуп тапшыруунун зарылдыгы болбойт.

Министрликтин маалыматына ылайык, "Sanarip Clinic" медициналык маалыматтарды түзүү жана иштетүүнү камсыздаса, "Түндүк" системасы аркылуу жарандар санариптик мамлекеттик кызматтардан пайдалана алышат.

Бул иштер медициналык кызматтарды алууда жарандардын убактысын үнөмдөп, кагаз иштерин жана административдик жүктү азайтууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы 10597 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү

2026-жылы Кыргызстанда “Социалдык контракт» программасынын алкагында 10597 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Жыл аягына чейин дагы 2 737 үй-бүлөнү программага тартуу пландаштырылууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 13 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү каралган. Учурда программага катышуу үчүн

Ишкер Media
Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media