"Прод Импекск" ишканасына 4,6 млн доллар инвестиция салынат

"Прод Импекск" ишканасына 4,6 млн доллар инвестиция салынат

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытында "Прод Импекс" ЖЧКсында жаңы долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин эл аралык долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Азия өнүктүрүү банкынын консультациялык миссиясынын өкүлдөрү ишканага барып, анын ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү пландары менен таанышты.

Иш сапарга АӨБдүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву, сектордун директору Цзянфэн Чжан жана долбоордун жетекчиси Заур Бостанов катышты. Аларды Айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дуйшеев жана долбоордун адистери коштоп барышты.

Белгилей кетсек, "Прод Импекс" 2001-жылдан бери иштеп келет. Компания 2017-жылдан тарта жашылча-жемиштерди кайра иштетүүгө басым жасап, продукцияларын ички рынокко жана чет өлкөлөргө экспорттойт.

Учурда ишкананы модернизациялоо, жаңы жабдууларды сатып алуу жана Ош менен Каракол шаарларында соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү боюнча субдолбоор ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы наркы 4,6 млн долларды түзөт. Анын ичинен 3,5 млн доллары АӨБдүн кредиттик линиясы аркылуу каржыланат.

Сапардын жүрүшүндө АӨБ өкүлдөрү ишкананын продукцияларынын түрлөрү жана сапаты менен таанышып, продукциялардан даам татышты. Ошондой эле тараптар субдолбоордун ишке ашырылышын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары окуңуз

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кумар оюндары жана лотерея ишмердүүлүгү сферасын жөнгө салуу мыйзам долбоору кабыл алынды

7-октябрда Жогорку Кенеште депутаттар "Кыргыз Республикасынын оюн-зоок жана лотереялык ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады жана кабыл алыды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызаты жазып чыкты. Мыйзам долбоору туурадуу маалыматты Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова

Ишкер Media
Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

Бишкекте кыргыз-британ консультациялары өттү

7-октябрда Бишкекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин күн тартиби боюнча кыргыз-британ консультациялары өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу тышкы саясий ведомстволордун департамент жетекчилери деңгээлинде өтүп, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана Коопсуздук Кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун

Ишкер Media
Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Канттын, жумуртканын жана сүт азыктарынын баалары талкууланды

Калкты негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу, соода түйүндөрүнүн ата мекендик өндүрүүчүлөр менен өз ара кызматташуусу, ошондой эле канттын, жумуртканын, сүт жана сүт азыктарынын бааларынын түзүлүшү тууралуу бүгүн талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, ата мекендик продукциянын жеткиликтүүлүгүнө карата көңүл бурулду. Аталган

Ишкер Media
Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

Энергетикалык суусундуктардын жашы жете электерге жеткиликтүү экендигин изилдөөчү депутаттык топ түзүлдү

7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар энергетикалык суусундуктарды жүгүртүүнү, алардын жашы жете электерге жана жаштарга жеткиликтүүлүгүн жана адамдын ден соолугуна терс таасир этүүсү мүмкүн болгон тамак-аштарды, алардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле аталган сферада мамлекеттик жөнгө салуунун таасирдүүлүгүн комплекстүү изилдөөчү топ түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер Media