Садыр Жапаров Сеулдагы Кыргызстандын элчилигине барды

Садыр Жапаров Сеулдагы Кыргызстандын элчилигине барды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын Сеулдагы элчилигине барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү менен таанышып, иш бөлмөлөрүн, консулдук бөлүмдү жана сүйлөшүүлөр өтүүчү залдарды көрүп чыкты.

Кыргызстандын Сеулдагы дипломатиялык өкүлчүлүгү 2006-жылы консулдук катары ачылып, 2008-жылы элчилик болуп кайра түзүлгөн. Буга чейин элчилик имаратты ижарага алып келген.

2025-жылдын апрелинде Сеулдун борборунан Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн өз имараты сатып алынган. Президенттин айтымында, бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө жана жарандарды кабыл алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди.

Садыр Жапаров мындай тажрыйбаны башка өлкөлөрдөгү Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө да колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы