Таласта мыйзамсыз кум-шагыл казган ишканага 35 миң сом айып салынды

Таласта мыйзамсыз кум-шагыл казган ишканага 35 миң сом айып салынды

Талас облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу жана таштанды төгүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгы жүргүзгөн рейд учурунда Айтматов районундагы "Гранит Транс Сервис" ишканасынын мыйзамсыз кум-шагыл казып жатканы аныкталган.

Факт боюнча ишканага Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 35 миң сом айып салынып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 15 миң 212 сом доо коюлган. Мындан тышкары, өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирилип, 30 бадалдын өсүүсү токтотулганы белгиленди.

Мындан сырткары, Талас районунда башка бир ишкана талапка жооп бербеген жерге курулуш жана тиричилик таштандыларын төккөнү аныкталып, ага 17 миң сом айып салынган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы