"Учкун" эми жеке мектептерге окуу китептерин түз сатпай турган болду

"Учкун" эми жеке мектептерге окуу китептерин түз сатпай турган болду

Агартуу министрлиги "Учкун" басмаканасына окуу китептерин жеке мектептерге түз сатууга тыюу салды. Бул тууралуу "Учкун" ААКынын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин басмакана окуу китептерин кайрылуулардын негизинде каалоочуларга, анын ичинде жеке мектептерге өз каражатына сатып келген.

Эми китептерди бөлүштүрүү менен Агартуу министрлиги алектенмекчи болду. Мекеме жеке мектептерден өтүнмөлөрдү чогултуп, жалпы буйрутманы түзүп, кайсы мектепке канча китеп берилерин аныктайт.

Буга чейин "Учкун" 23 млн сомдук окуу китептерин сатканы маалым болгон. Бул маалымат депутат Дастан Бекешев "Дордой" базарынан "Сатууга болбойт" деген белгиси бар, 3-класстын математика китебин 650 сомго сатып алганын билдиргенден кийин, коомчулукта талкууга түшкөн.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы