Башкы прокуратуранын делегациясы Минск шаарында МСПКнын XI жыйынына катышты

Башкы прокуратуранын делегациясы Минск шаарында МСПКнын XI жыйынына катышты

17-сентябрда Минск шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (МСПК) XI жыйыны болуп өттү. Аталган жыйынга Башкы прокурорунун орун басары Замир Акназаров баштаган делегация катышты.

Башкы прокуратура билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери, анын алдын алуу чараларын өркүндөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү, коррупцияга каршы саясатты координациялоо жана өз ара тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Иш сапардын алкагында Башкы прокурордун орун басары Акназаров Беларусь Республикасынын Башкы прокурору Дмитрий Гора менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар кибер-алдамчылыкка байланышкан кылмыш иштери боюнча эл аралык-укуктук кызматташууну талкуулап, коррупцияга каршы аракеттенүү жана айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын сакталышына прокурордук көзөмөл жүргүзүү жаатында практикалык тажрыйба алмашуунун зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары, делегациянын өкүлү Беларусь мамлекеттик экономикалык университетинде лекция окуп, Кыргызстандын коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы заманбап ыкмалары тууралуу маалымат берди. Жыйындын жыйынтыгында КМШ мейкиндигинде коррупцияга каршы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган бир катар чаралар белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media