Бишкекте абаны булгаган 3 унаа аныкталып, 22 миң сом айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган 3 унаа аныкталып, 22 миң сом айып пул салынды

Орок айылында абаны булгаган унаалар текшерилип, 3 айдоочуга 22 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн боюнча башкармалыгы жол сакчылары менен биргеликте Орок айылында рейд өткөрдү. Рейддин максаты - унаалардан чыккан түтүн жана зыяндуу заттарды текшерип, абанын булганышын азайтуу.

Текшерүү учурунда экологиялык талапты бузган 3 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 22 500 сом айып пул салынды.

Министрликтен мындай рейддер туруктуу өткөрүлүп турарын жана абанын сапатын жакшыртууга багытталганын билдиришти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарынын күнүнө карата ат чабышта баш байгеге 2 автоунаа коюлду

Ош шаарынын күнүнө карата ат чабышта баш байгеге 2 автоунаа коюлду

5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата "Төлөйкөн" ат майданында Ош шаарынын мэринин кубогу өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ат чабышта баш байгеге 2 автоунаа коюлду. Жарышта 3 аралык боюнча күч сынашат: • Батакур чабыш – 6 000 метр: 1-орунга 50 000 сом, 2-орунга 30 000 сом,

"Майлуу-Суу лампа заводу" менен "Хайдаркан сымап комбинатынын" абалы  талкууланды

"Майлуу-Суу лампа заводу" менен "Хайдаркан сымап комбинатынын" абалы талкууланды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Адылбек Касымалиев “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКнун жана “Хайдаркан сымап комбинаты”АКнун учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында “Майлуу-Суу лампа заводу” боюнча үстүбүздөгү жылы кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралды. Анын ичинде Президенттин фондунан каражат бөлүү, ишкананын уставдык капиталын көбөйтүү жана  Президенттин “Майлуу-

Кыргызстанда "Электрондук эсеп-фактура 2.0" пилоттук режимде иштей баштады

Кыргызстанда "Электрондук эсеп-фактура 2.0" пилоттук режимде иштей баштады

Кыргызстанда "Электрондук эсеп-фактура 2.0" (ЭЭФ 2.0) модулу 1-сентябрдан тартып, алты айга пилоттук режимде ишке киргизилди. Жаңы система товарларды жүгүртүүнү автоматташтырууга, виртуалдык кампа түзүүгө жана айрым товарлардын кыймылын санариптик эсепке алууга багытталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. ЭЭФ 2.0 - төмөнкү товарлар менен операция

Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү

Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун кеңешмеси өткөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Билдирүүгө караганда, кеңешменин негизги максаты – Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча жумушчу топтун ишин уюштурууга байланышкан негизги