Бишкектеги таштанды заводунун экинчи этабын куруу каралууда
Бишкектеги катуу тиричилик калдыктарын электр энергиясын өндүрүү менен утилдештирүүчү заводдо ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө комиссия Бишкек шаарындагы полигонду текшерип, заводдун технологиялык процесси менен таанышты. Заводдун экинчи этабын куруу жана анын кубаттуулугун суткасына 3000 тоннага чейин көбөйтүү каралууда.
Комиссияга заводдун иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө, анын ичинде кайра иштетилген калдыктардын жана өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүнө, чыгымдарына жана кирешелерине талдоо жүргүзүү тапшырылды. Ошондой эле экинчи этаптын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө баа берилет.
Мындан тышкары, министрликтин адистери заводдун ишмердигине жана экинчи этаптын курулушуна байланыштуу жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча тиешелүү корутунду беришет.