Ошто кышкы сезонго даярдык текшерилди
Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жана шаардык кеңештин депутаттары 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин жеринен текшеришти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, көчмө жыйындын жүрүшүндө жылуулук, электр энергиясы, муниципалдык чарба жана башка тармактардын кышка даярдыгы каралды. Аныкталган маселелер боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Ошондой эле даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө бүткөрүп, кемчиликтерди тез арада жоюу жана керектүү техникалык иштерди күчөтүү милдеттендирилди.