Саламаттык сактоо министри аймактардагы реабилитацияны талкуулады
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкектеги Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш сапардын жүрүшүндө аймактардагы балдар үчүн реабилитациялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселеси талкууланды. Министр аймактардан келген адистерди борбордун базасында окутуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул жер-жерлерде адистердин тажрыйбасын жогорулатып, балдарга зарыл жардамды жашаган жерине жакын көрсөтүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, борбордун реабилитациялык инфраструктурасын кеңейтүү, анын ичинде кошумча корпус куруу мүмкүнчүлүгү каралды. Кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү долбоордук-сметалык документтерди даярдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.
Маалымдалгандай, 2019–2026-жылдары борбордо 2 миңден ашуун ата-эне окутуудан өтүп, 1 500гө жакын жеке консультация берилген. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 185 үй-бүлө кызмат алган. Учурда борбордун кызматтарынан 242 үй-бүлө пайдаланууда.