Жалал-Абадда 275 орундуу жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абадда 275 орундуу жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылында Чыңгыз Айтматов атындагы 275 орундуу жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 1 236 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулду.

Жаңы мектепте балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анда заманбап окуу кабинеттери, компьютердик класстар, жыйындар залы, спорт зал, ашкана жана волейбол аянтчасы бар.

Белгилей кетсек, бул мектеп өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилүүчү 105 социалдык объектинин катарына кирет.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда "Электрондук эсеп-фактура 2.0" пилоттук режимде иштей баштады

Кыргызстанда "Электрондук эсеп-фактура 2.0" пилоттук режимде иштей баштады

Кыргызстанда "Электрондук эсеп-фактура 2.0" (ЭЭФ 2.0) модулу 1-сентябрдан тартып, алты айга пилоттук режимде ишке киргизилди. Жаңы система товарларды жүгүртүүнү автоматташтырууга, виртуалдык кампа түзүүгө жана айрым товарлардын кыймылын санариптик эсепке алууга багытталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. ЭЭФ 2.0 - төмөнкү товарлар менен операция

Бишкекте абаны булгаган 3 унаа аныкталып, 22 миң сом айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган 3 унаа аныкталып, 22 миң сом айып пул салынды

Орок айылында абаны булгаган унаалар текшерилип, 3 айдоочуга 22 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн боюнча башкармалыгы жол сакчылары менен биргеликте Орок айылында рейд өткөрдү. Рейддин максаты - унаалардан чыккан түтүн жана зыяндуу заттарды текшерип, абанын булганышын

Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү

Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кеңешмеси өттү

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун кеңешмеси өткөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Билдирүүгө караганда, кеңешменин негизги максаты – Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча жумушчу топтун ишин уюштурууга байланышкан негизги

Энергетика министрлиги Кореянын KEPCO корпорациясы менен меморандумга кол койду

Энергетика министрлиги Кореянын KEPCO корпорациясы менен меморандумга кол койду

Сеул шаарында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кореянын электр энергетикалык корпорациясынын (KEPCO) улук вице-президенти Чанхёк Чон менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушуунун соңунда эки тарап энергетика тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Тараптар эми төмөнкү багыттар боюнча чогуу иш алып барышат: * электр тармагын санариптештирүү; * электр жарыгынын жоготууларын азайтуу;