8 айда өлкөдөгү көлдөрдөн 2 тоннадай таштанды чыгарылды

8 айда өлкөдөгү көлдөрдөн 2 тоннадай таштанды чыгарылды

2026-жылдын 8 айында суу объектилеринде 206 рейд өткөрүлгөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддин жыйынтыгында 101 250 метр синтетикалык тор жана 1910 кг таштанды чыгарылды.

Анын ичинен:

• Ысык-Көлдө - 102 рейд, 40 200 метр тор жана 940 кг таштанды;

• Токтогул суу сактагычында - 60 рейд, 42 250 метр тор жана 670 кг таштанды;

• Соң-Көлдө - 24 рейд, 15 050 метр тор;

• Орто-Токойдо - 200 метр тор;

• Киров суу сактагычында - 20 рейд, 3550 метр тор жана 300 кг таштанды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 20 жаңы мектеп курулду

Бишкекте 20 жаңы мектеп курулду

Борбор калаада 20 жаңы мектеп бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалым болгондой, бүткөрүлгөн мектептердин бири - Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1200 орундуу мектеп. Мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Заманбап мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган. Курулуш толук

Ишкер Media
Чоң-Алайда 2600 метр бийиктикте жүгөрүдөн жогорку түшүм алынды

Чоң-Алайда 2600 метр бийиктикте жүгөрүдөн жогорку түшүм алынды

Чоң-Алай районунун Балтыркан участкасында тоюттук жүгөрү жыйноо аяктады. Бул тууралуу райондук Мамлекеттик администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 0,60 гектар аянттан 45 тоннадан ашуун жашыл масса - силос жыйналды. Жүгөрү деңиз деңгээлинен 2600 метр бийиктикте өстүрүлгөн. Бул көрсөткүч тоолуу шартта да тоюттук жүгөрү өстүрүүгө болорун далилдейт. Долбоор мал чарбасы үчүн тоют

Ишкер Media
Социалдык долбоорлорго бөлүнгөн 3,7 млн сом максатсыз пайдаланылганы аныкталды

Социалдык долбоорлорго бөлүнгөн 3,7 млн сом максатсыз пайдаланылганы аныкталды

Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдары Эмгек министрлиги жалпы 3 млн 737 миң 313 сомго 6 келишим түзгөн. Текшерүүдө жооптуу кызматкерлер бюджеттик каражатты өздөштүрүп, отчетко жалган маалымат киргизип, көзөмөл жүргүзбөгөнү аныкталган. Натыйжада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, карыларды

Ишкер Media
Тоодо таштанды таштаган жарандарга 11 миң сом айып салынды

Тоодо таштанды таштаган жарандарга 11 миң сом айып салынды

Жаратылышка эс алууга барып, таштанды таштап кеткен жарандар жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалым болгондой, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн боюнча башкармалыгы Instagram социалдык тармагындагы маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзгөн. Кылмыш иликтөө башкармалыгы менен биргеликте укук бузуучулар аныкталды. Аларга карата 2

Ишкер Media