Педагогдордун мыктылары аныктала турган республикалык сынактар башталды

Педагогдордун мыктылары аныктала турган республикалык сынактар башталды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026", "Жылдын мыкты тарбиячысы – 2026" жана "Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу – 2026" республикалык сынактарынын финалдык этабы башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Бүгүн №67 Т.Үмөталиев атындагы мектепте өткөн ачылыш аземге министрдин орун басары Надира Жусупбекова катышты.

Маалымдалгандай,сынак 25-сентябрга чейин уланат. Финалга облустук этаптан өткөн 133 мугалим, 27 тарбиячы жана кошумча билим берүүдөн 8 педагог катышууда."

Жылдын мыкты мугалими" сынагы 18 номинация боюнча өтөт. Катышуучулар 3 турдан: тест, мастер-класс жана бейтааныш класста сабак өтүүдөн күч сынашат. Жеңүүчү Гран-при жана "Билим берүүнүн отличниги" төш белгисин алат.

"Жылдын мыкты тарбиячысы" 4 категорияда өтүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык алат.

Ал эми кошумча билим берүү педагогдорунун сынагы 4 турдан туруп, мыктылар I, II, III даражадагы диплом жана ноутбук менен сыйланат.Үч сынактын тең жеңүүчүлөрү 5-октябрда - Мугалимдер күнүндө сыйланат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине Казакстандын жараны директор болуп дайындалды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Казакстандын жараны Нурлан Конокбаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы жетекчини кабыл алган учурда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, циркке сырттан жетекчи дайындоого мекемедеги узакка созулган ички пикир келишпестиктер себеп болгон. Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке

Ишкер Media
"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысы 1 млн сомдон ашык мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктады

"Нарын" бажысынын кызматкерлери чийки затты мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалыматка караганда, "Нарын" эркин экономикалык зонасындагы "К.-К.-Ө." ЖЧКсы текшерилген. Ишкана мурда 560 миң кг чийки затты "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырган. Текшерүүдө 141

Ишкер Media
Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media