Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен жолукту
21-сентябрда Нью-Йоркто Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Коопсуздук Кеңешинин учурдагы жана жаңы шайланган мүчөлөрүнүн министрлик кечки тамагына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Министр бул формат тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү экенин белгилеп, мөөнөтү аяктап жаткан Дания, Греция, Пакистан, Панама жана Сомалиге ыраазычылык билдирди.
Маалымдалгандай, Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Коопсуздук Кеңешине шайланышы Борбор Азия өлкөлөрү тарабынан колдоого алынганын айтып, бул мүчөлүктү артыкчылык эмес, жоопкерчилик катары кабыл аларын баса белгиледи.
Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинде БУУнун Уставын жана эл аралык укукту жетекчиликке алып, конструктивдүү иш алып барарын билдирди.
Ошондой эле министр тематикалык артыкчылыктар катары Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия борборун колдоо, Афганистандагы туруктуулук жана тоолуу өлкөлөр үчүн климат маселелерин атады. 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган "Бишкек+25" Тоо саммитине кесиптештерин чакырды.
Коопсуздук Кеңешин реформалоо боюнча Кыргызстан Африка, Азия жана Латын Америкасынын өкүлчүлүгүн кеңейтүүнү колдой турганын билдирди.