Кыргызстанда билим берүү тармагында 133 миңге жакын педагог эмгектенет
5-октябрь –Кыргызстанда Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул дата 2014-жылы Өкмөттүн токтому менен бекитилген. Ал эми Дүйнөлүк мугалимдер күнү 1994-жылы негизделген жана 100дөн ашык өлкөдө белгиленет. Ушул күндүн урматына КРнын Улуттук статистика - билим берүү тармагындагы негизги көрсөткүчтөрдү жарыялады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдөгү иш менен камсыз болгон калктын жалпы санынын 11%га жакыны билим берүү тармагында эмгектенишет.
Статистикалык билдирүүлөргө караганда, Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү багытында 5 миңге жакын уюм иштейт. Аларда 133 миңге жакын педагог - 2,3 млн тарбиялануучуга, окуучуга жана студентке билим жана тарбия берүүдө.
Мектеп мугалимдеринин саны 94 миңге жакын. Анын ичинен болжол менен 36 миңи шаардык, 58 миңи айыл жергесиндеги мектептерде иштешет.
2025/2026-окуу жылынын башында Кыргызстанда 2 374 күндүзгү жалпы орто билим берүү уюму иштеген. Алардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин 87%ы аялдар. Алардын 5%дан ашыгы директор жана директордун орун базарлары кызматтарын аркалайт.
Мугалимдердин билим деңгээли да жогору. 2025/2026-окуу жылынын башына карата жалпы мектеп мугалимдеринин 87%дан ашыгы жогорку билимге ээ болгон.
Статистика комитетинин эсептөөлөрунө ылайык, бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет. Шаардык мектептерде бул көрсөткүч орто эсеп менен 20 окуучуну, айылдык мектептерде 15 окуучуну түзөт. Ал эми жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы ар бир бешинчи студент педагог кесибин тандайт. 2025/2026-окуу жылында жогорку окуу жайлар 10 миңден ашык болочок педагогду даярдап чыгарган.